Талас дарыясынын суусу эки эсе көбөйүп, үйлөрдү каптады. Жеринен алынган кадрлар

Жазылуу
Талас дарыясынын суусу көтөрүлүп токойдогу тал-теректерди агызып кетти. Киров суу сактагычындагы суу 200 миң метр кубга көбөйдү.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Түнү менен жааган жаанга байланыштуу Талас дарыясынын суусу эки эсе көтөрүлүп, онго жакын айылдын үйлөрүн суу каптады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Көлмөдө эс алып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт селден жабыркаган үй-бүлөнүн балдары үчүн жайкы эс алуу уюштурат
Маалыматка караганда Талас дарыясынын суусу токойлордун ичин суу каптап, тал теректерди агызып кеткен.

Мындан тышкары, Талас шаарындагы Кутманалиев атындагы стадиондун аймагындагы үч үйдүн короосу менен бир мейманканага суу кирген. Учурда жергиликтүү эл дарыянын жээктерин бекемдөөгө ӨКМ кызматкерлери менен кошо чыгышты.

Катуу жааган жаанга байланыштуу Киров суу сактагычындагы суу 200 миң метр кубга көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0