Бишкектеги соцэксперимент: "ала качып" бараткан кызга жардам бере аласызбы?

Жазылуу
Кыздын суранычы менен көчөдөгү жарандар аны үйүнө чейин узатып коюуга макул болушкан. Бирок үйдүн жанында турган унаадан белгисиз эки эркек чыгып келип кызды күч менен унаага отургузууга аракет жасай башташат.

Бишкекте "кыз ала качуу" боюнча социалдык эксперимент жүргүзүлдү

"Жапа чеккен" кыздын ролун 17 жаштагы Канышай Бейшекеева аткарып берди. Ал дүйнөгө белгилүү румын фотографы Михаэл Нороктун "Атлас красоты" долбооруна кирген болчу. 

Бензин жок калды соцэксперименти: Болот Ибрагимов айдоочулардын акча сурады - Sputnik Кыргызстан
"Бензин жок калды" соцэксперименти: Болот Ибрагимов айдоочулардан акча сурады
Сценарий боюнча бийкеч жолдо өтүп бараткан эркектерге кайрылып үйүнүн алдына чейин жеткирип коюну суранат. Ал көптөн бери аркасынан аңдып жүргөн күмөндүү унаа эшигинин алдында турганын айтып, коркуп жатканын билдирет. 

Кайрылгандардын бардыгы узатып коюуга макул болушкан. Бирок кызыктын баары ал үйүнө жеткенде башталды. Эшиктин алдында турган унаадан эки эркек чыга калат. Алардын бири оор атлетика менен машыккан спортчу. Кызды унаага түшүрүүгө аракет жасашканда Канышай жардам сурап кыйкырат. 

"Кызды узатып келген жигиттерге кайрылып өз жолдору менен кетүүлөрүн сунуштадым. Экинчи актерду көрсөтүп бул кыздын жолдошу дедим. Көпчүлүгү жардам берүүгө аракет жасап кетпей жатышты", — деп экспериментке актер катары катышкан Фурхат Курбанов билдирди. 

Натыйжада 10 жигиттин ичинен жетөө кызды таштап кеткен жок. Ал эми үчөөсү кийлигишпөөнү чечишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0