Жээнбеков менен Масимов кучакташып коштошту

Жазылуу
Казакстандын премьер-министри КМШ өкмөт башчыларынын саммитине катышуу үчүн келген.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити аяктап, келген меймандар узады. 

Жээнбеков КМШнын кийинки тагдыры жана эркин соода режими туурасында ай - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков КМШнын кийинки тагдыры жана эркин соода режими туурасында айтып берди
Кечээ, 7-июнь күнү өткөн жыйынга Россия, Казакстан, Белоруссия, Молдова жана Тажикстандын премьер-министрлери, Азербайжан, Өзбекстан, Армения менен Түркмөнстандын вице-премьерлери катышты.

Мындан тышкары, тар чөйрөдөгү кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин жыйыны өтүп, анда энергетика, транспорт жана айыл чарба маселеси талкууланды. 

Карим Масимовду "Манас" аэропортунан Сооронбай Жээнбеков баштаган атка минерлер кол булгап, жылуу маанайда узатышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0