Стамбулдагы аялдамадагы жасалган жарылуунун тартылып калган кадрлары

Жазылуу
Кырсыктан кеминде 11 адам каза болгон. Анын ичинде жети полиция кызматкери бар, дагы 36 адам жабыркаган. Окуя болгон жерди полиция курчоого алды.

Стамбулдун чок ортосундагы Бейазыт районундагы аялдамага жакын жерде ири жарылуу болду. Теракт полиция кызматкерлерин ташыган автобус өтүп баратканда болгон. Андан соң атышуу болгону айтылууда.

"Жарылуудан полициянын жети кызматкери жана төрт жай тургун каза болду. 36 киши жаракат алган, анын үчөө оор абалда", — деди шаардын жетекчиси Васип Шахин.

Алдын ала маалыматтар боюнча миналанган унаа жарылган. Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери иш алып барды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0