Жээнбеков КМШнын кийинки тагдыры жана эркин соода режими туурасында айтып берди

Жазылуу
Бүгүн Бишкек шаарында КРдин премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында КМШнын өкмөт башчыларынын саммити болду. Анда маанилүү делген бир топ чечимдер кабыл алынды.

Иш-чарага Россия, Казакстан, Белоруссия, Молдоважана Тажикстандын премьер-министрлери, Азербайжан, Өзбекстан, Армения менен Түркмөнстандын вице-премьерлери катышты.

"Келечекте интеграциялык эки бирикме ортосунда толук кандуу эркин соода режимин киргизүүнү кароо мүмкүн деп эсептейбиз. Натыйжада өзгөчө экономикалык кыйын кырдаалда, биздин өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чыңдоого шарт түзүлөт", — деди өкмөт башчы Жээнбеков.

Андан сырткары Кыргыз премьери менен КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин сактап калуу зарылдыгын айтышты.

Отурумдун жыйынтыгында 17 документке кол коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0