Күбө кырсыктан унаанын мотору жулунуп, өтүп бараткан кызга тийгенин тартып алган

Жазылуу
Жекшемби күнү Бишкекте жол кырсыгы катталып, төрт унаанын кагылышуусунан беш адамдын жабыркаганы айтылган.

Тез жардам кызматынын маалыматы боюнча жекшемби күнү Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде авария болгон. Төрт унаа сүзүшүп, беш киши жабыркаган. Бир унаанын мотору ыргып кетип, 24 жаштагы кызды катуу жабыркаткан. Кырсыктын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттигине ага күбө болгон Жамиля Кыялбекова айтып берди.

"Авария болжол менен эртең мененки саат 8де болду. Кагылышуудан кийин унаа эки бакты сүзүп, көтөрүлүп барып жолдун кесилишине токтоп калды. Мындан улам мотору ыргып барып кызга тийди", — деди ал.

Күбө бир аздан соң Тез жардам жана милиция кызматкерлери келип калганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0