Селде калган унаалар. Кадамжайдан алынган кадрлар

Жазылуу
Жума күнү түштөн кийин Кадамжай районунда сел жүрүп, алты жүргүнчүсү бар унааны агызып кеткен. Анын бешөө каза болуп, бир бала куткарылды.

ӨКМ менен Транспорт министрлиги учурда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатат.

Ошол эле күнү окуя болгон жерге ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов жөнөп кеткен. Ишембиде Кадамжайга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттин кеңешчиси Икрам Илмияновдор келишти.

Каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0