Акыркы конгуроо... Көз жаш менен коштолгон кубаныч

Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги быйыл акыркы коңгуроо салтанатын 27-майга белгилеген.

Сокулук районундагы Западное айылынын окуучулары акыркы коңгуроодо - Sputnik Кыргызстан
Сокулуктагы окуучулар акыркы коңгуроону барак тамда кагышты
Бүгүн, 27-майда Кыргызстан боюнча бардык мектептерде акыркы коңгуроо кагылып, бүтүрүүчүлөр уядан учушту. 11 жыл бир партада отурган классташтар бири-бирин белден бекем кыса кучактап, көз жаш менен коштошушту. Бүтүрүүчүлөрдү алдыда мамлекеттик экзамендер күтүп турат.

Эскерте кетсек, быйыл 62 миңге жакын окуучу 11-классты жана 93 миңге жакын балдар-кыздар 9-классты аяктайт.

Ал эми акыркы коңгуроонун 27-майга туура келиши кышкы каникулдун узарып кеткендигине байланыштуу экени айтылган. Былтыр акыркы коңгуроо 29-майда өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0