19:17 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Видео

Насыя алгандар нааразычылык билдирип, АКШ элчилигинин алдына митингге чыгышты

Кыскача шилтеме алуу
211 0 0
© Sputnik / Эркин Алымбеков

Чогулгандар банктар менен чакан насыя компаниялардын элди колдонгонуна нааразычылыгын билдирүүдө.

АКШнын Бишкек шаарындагы элчилигинин алдына насыя алгандардын укугун коргогон Элдик кыймылдын тарапташтары митингге чыкты.

Акцияга болжол менен 600дөй киши чогулган. Алар колдоруна "Насыя алгандардын укугун ким коргойт?" деген жазуусу бар транспаранттарды кармап турушкан.

Митингге чыккандар эл аралык иликтөөнү, ошондой эле 20 жыл бою элди эзгени үчүн насыяларды кечип, келтирилген чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылышты.

Буга чейин насыя алгандардын укугун коргогон Элдик кыймыл АКШ элчиси Шейла Гуолтниге арыз менен кайрылышкан. Анда коммерциялык банктар менен чакан насыя компаниялары адам укуктарын бузуп жатканы жазылган. Элдик кыймылдын өкүлдөрү адамдардын укугун тебелеген уюмдар АКШнын FINCA, Mercy Corps, ACDI/VOCA жана USAID уюмунун колдоосу менен түзүлгөнүн айтышууда.

Тема боюнча

Бишкекте АКШ элчилигинин алдында насыя алгандар митингге чыгышты
Белгилер:
элчилик, Митинг, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ