08:19 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Видео

ЦУМдун башкы директору: фонтанда турган мажүрүм талдарды сактоого аракет кылабыз

Кыскача шилтеме алуу
57 0 0
© Sputnik / Эркин Алымбеков

Бишкек мэриясынын "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы менен Улуттук илимдер академиясы 23-майда "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанындагы фонтандагы үч мажүрүм талды кыюу керектиги жөнүндө чечим кабыл алышкан. Учурда фонтанды оңдоо иштери жүрүп жатат.

Чыгарылган корутундуга ылайык, бактардын тамырлары чирип кеткен.

"Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн башкы директору Михаил Михин авариялык абалдагы үч талдан башка бактардын бардыгы сактала турганына ишендирди.

"Үч мажүрүм талды кыйганда деле анын ордуна жаңылары отургузулат. Ошентсе да биз бул дарактарды атайын коюлган конструкция менен сактаганга аракет кылабыз", — дейт Михин.

Ал эми "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер эгер бактар кулай турган болсо, аны эч бир конструкция сактап калбасын айтат.

"Бул идея абдан жакшы, бирок ал бактарды сактап кала албайт. Баары бир бактар карыган, аны кандай кылган күндө деле сактап калууга болбойт. Бул мажүрүм талдардын биологиялык жашоосу деле бүттү. Эгер бак кулай турган болсо аны эч бир конструкция куткарып кала албайт. Бизге ашыкча кырсыктын кереги жок да, туурабы?", — деп суроо салат Кравер.

ЦУМдун жанындагы фонтанда 12 бак бар.

Тема боюнча

ЦУМдун жанындагы үч мажүрүм тал кыйылат
ЦУМдун жанындагы фонтан жана тосулган тосмо. Мажүрүм талдын асмандан көрүнүшү
Белгилер:
кыйуу, бак-дарак, фонтан, Айчүрөк соода борбору

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ