Исфанадагы өрттөнгөн базардын асмандан көрүнүшү. 70ке жакын дүкөн, ашканалар жок болду

Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан жабыркагандар жок.

Баткендин Исфана шаарындагы базар өрттөнүп кетти.

Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматынын чок ортосунда өрт чыгып, бир адам түтүнгө ууланып калды
Баткендин Исфана шаарындагы базар өрттөнүп, жалын болжол менен 4960 чарчы метр аймакка жайылган. 

Лейлек району боюнча айыл чарба департаментинин башчысы Исамидин Кеңешбаевдин билдиришинче өрт толугу менен өчүрүлдү.

Ал эми ӨКМден өрт болжолдуу 4960 чарчы метр аймакка жайылганын, анын кесепетинен 53 соода дүкөнү, эки жабык соода түйүнү жана 15 ашкана күйгөндүгүн кошумча кабарлашты.

"Өрт өчүрүүчүлөр базардын аймагынан эки соода борборун, 64 соода түйүнүн, 10 дүкөндү, алты ашкананы жана бир "Мегаком" уюлдук операторуна караштуу кеңсесин сактап калышкан", — деп билдиришти аталган кызмат.

Буга ӨКМден жалын 700 чарчы метр аймакка жайылгандыгын кабарлашкан. 

Учурда тилсиз жоонун эмнеден чыккандыгы такталууда.  

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан жабыркагандар жок.


 

Жаңылыктар түрмөгү
0