Кулпунай жана кыргыз чүрөгү Таттыбүбү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 2015-жылдагы сулуусу Таттыбүбү Самидин кызы кулпунай өскөн талаага барып, алгачкы түшүмдү жыйноого жардам берди.

Бишкек шаарынын базарларында кулпунай чыгып калды. Анын бир килограммы 90 сомдон 150 сомго чейин сатылууда. Ал эми талаада анын баасы бир топ арзан. Жаңы үзүлгөн, даамы ширин кулпунайдын бир килограммын 50 сомго сатып алсаңыз болот.

Кыргызстандын 2015-жылдагы сулуусу Таттыбүбү Самидин кызы кулпунайды өмүрүндө биринчи жолу терип жатканын айтты.

"Албетте аны терүү деле оңой эмес, бирок базарларда же, дүкөндөрдө сатылып жаткандарга караганда даамдуу экен", — деген оюн бөлүштү.

Таттыбүбү сулуулукту сакташ үчүн күнүнө кулпунай жеп турса болорун айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0