Тамчы — Бактуу-Долоноту: жумушчулар кайтадан ишке чыгышты

Жазылуу
Балыкчы — Корумду жолун 2018-жылга карата оңдоп бүтөбүз деп Транспорт жана коммуникация министрлиги сөз берүүдө.

Курулуштун жалпы баасы 6,8 миллиард сомду түзөт. Жолду оңдоо боюнча келишим Кытайдын "Лонг Хай" компаниясы менен түзүлгөн жана чыгымдарды жабууга "Альфа телеком" компаниясын сатуудан түшкөн каражат жумшалмак. Тилекке каршы "Альфа телеком" сатылбагандыктан каражат которулган эмес.

Жол салуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балыкчы — Корумду жолунун курулушуна кошумча 500 млн. сом бөлүнөт
Мындай жагдайга карабастан жолду оңдоо иштери эки этапка — Тамчы — Бактуу-Долоноту жана Балыкчыдан Корумдуга чейин болуп бөлүнүп курулуш иштери башталган.

35 чакырымга жеткен Тамчы — Бактуу-Долоноту жолун оңдоого 2,6 миллиард сом керектелет. Бирок, иш жаңы эле башталганда каражат жоктугунан жергиликтүү компания ишти токтоткон.

Жолду оңдоо долбоорунун башкы инженери Авазбек Чалакеев каражат эми гана бөлүнгөнүн айтат.

"Эки айдан кийин жумушчулар биринчи айдын айлыгын алышты. Дагы акча которулары менен калган айлыгын төлөп беребиз. Жасалган иштер үчүн жумушчулардын айлыгына 5 миллион сомдой бөлүндү", — дейт Чалакеев.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол чарбасы департаментинин жетекчи орун басары Нурланбек Кайынбаев каражаттын тартыштыгы акырындык менен чечилип жатканын айтат. Ошондой эле жолду курууга 100 миллион сом бөлүнгөнүн, дагы 500 миллион сом бөлүү каралып жатканын билдирди.

"Жолду куруу боюнча албетте мүчүлүштүктөр бар. Ошентсе да транспорт министрлиги тарабынан бардык аракеттер мыйзам чегинде жасалды", — деди ал.

Кайынбаев Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата Тамчы— Бактуу-Долоноту жолу оңдолуп бүтөрүн кошумчалады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Балыкчы— Корумду жолунун 104 чакырымын 2017-жылдын 31-декабрына чейин бүткөрүү планы бар экенин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0