Аринбасарова — Алтынай менен Жамийла кайрадан кыргыз жеринде

Жазылуу
"Биринчи мугалимде" башкы ролду ойногон Россиянын эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова Бишкекке "Ак Илбирс" киносыйлыгын тапшыруу салтанатына катышуу үчүн келди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги менен болгон маегинде актриса кыргыз киноөнөрү туурасында ой-пикирлери менен бөлүшүп, кесиптештери менен болгон мамилесин эске салып отурду.

 

Буга чейин киносынчы Гүлбара Төлөмүшова актриса Наталья Аринбасаровага дүйнөлүк кинөнөрүнө кошкон салымы үчүн сыйлык ташырыла тургандыгын айткан.

Советтик бул актриса киноэкранга залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каармандарын, тагыраагы "Биринчи мугалимдеги" Алтынай менен "Жамийладагы" Жамийланын образын алып чыккан. Андан сырткары "Улан" тасмасында ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0