Бишкектеги 20 миң киши катышкан "Өлбөс полктун" жүрүшү

Жазылуу
Акция шаардын түштүк тарабындагы Дайыр Асанов атындагы парктан башталды. Согуштан кайтпай калган жоокерлердин сүрөтүн көтөргөн адамдар Абдрахманов көчөсү менен өтүп, Жеңиш аянтына келди.

Өлбөс полк жөө жүрүшүнүн катышуучусу. - Sputnik Кыргызстан
Баатырлардын урпактары — "Өлбөс полк" жөө жүрүшүндөгү кадрлар
Колоннанын узундугу болжол менен 500 метрге чукулдады, ал эми уюштуруучулардын баасы боюнча ага 20 миңдей киши катышкан.

Жүрүш Жеңиш аянтындагы митинг-реквием менен соңуна чыкты.

"Өлбөс полк" — 9-майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык ири акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучулардын элесине арналып, жүрүштө согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн кармап өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0