Жер көчкүгө Эрланды алдырып жиберген айылдаштардын эскерүүсү

Жазылуу
Сузакта 27-апрелде болгон жер көчкүдөн жети үй көчкү алдында калып, Алмалуу-Булак айылында 9-класстын окуучусун да көчкү басып калган. Ал эми айылдаштары экинчи баланы куткарганга үлгүрүшкөн.

Окуя тууралуу айтып берген 19 жаштагы Нурмамат уулу Улукбек балдар, агасы менен кошо көчкү жүргөн жерден топурак алдында калган 6-класстын окуучусу Мирбекти сууруп чыккан.

Жер көчкүдөн аман калган Мирбек, көз көрүнө көмүлгөн Эрлан. Окуянын чоо-жайы
"Издеп баштаганыбызда бул жакта кырылдаган үндү уктук. Баарылап алып чыгуу аракетин көрө баштадык. Анан эле бизге эл дагы көчкү келе жатат деп кыйкыра баштады. Кайра качтык. Бизге куйрук улай көчкү эки кадамдай артка түшүптүр", — деди Улук.

Бүгүн түшкө жуук ӨКМ жана жергиликтүү эл жер көчкү алдында калган экинчи баланын сөөгүн таап, ата-энесине берди. 

Сузак району боюнча жер көчкү коркунучу бар аймак 131 болсо, алардын эң эле коопттуу делгендердин саны 77ни түзөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0