Бишкек шаардык таштанды жайынын асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Бишкек шаарынын четиндеги таштанды жайында акыркы беш ай ичинде 512 акыр-чикир чогулткан киши катталган. Алардын 328и эркек, 184тү аялдар, 17си өспүрүмдөр жана 27си 55 жаштан өткөндөр.

Өспүрүм: таштанды тергенде мурда жүрөгүм айланчу, азыр көнүп калдым
Алар бул жерден желим бөтөлкө жана башка нерселерди бөлүуп чогултуп, аларды өткөрүп акча табышат. Бул ыкма менен Бишкекте 127, Ош, Жалал-Абадда 107, Чүйдө 63, Нарында 51, Баткенде 25, Ысык-Көлдө 18 жана Таласта 7 адам жан багат.

Апрель айынан тарта таштанды жайында социалдык көчүрмө блок (СКБ) түзүлгөн. Ал таштанды жайындагы акыр-чикир чогулткандарга кеңеш берип, аларды жумушка орноштуруу маселелерин карап, колдоо көрсөтүү максатында ачылган. СКБнын эки жыл иштөөсү пландалган.

"Бишкек шаарындагы таштандыларды иретке келтирүү" долбоору Европа банкынын колдоосу менен Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ишке ашырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0