ЖК депутаты ИИМ башчысына "кан ичип" жаткан кайгуул кызматы боюнча сын айтты

Жазылуу
Бейшемби күнү парламенттин жыйынында өкмөт тарабынан иштелип жаткан"Коопсуз шаар" долбоору талкууланды.

Парламент жыйынында депутат Рыскелди Момбеков ИИМ башчысы Мелис Турганбаевге жаңы түзүлгөн кайгуул милициясы тууралуу сын айтты.

"Бул кызмат элдин канын ичип бүттү. Кызматкерлер депутаттардын макамын дагы билишпейт экен. Унааларды токтотуп, документтерди алып коюп жатышат. "Кайда баратасың" деген суроого мени менен бас дешет. Алардын алдында айылдык депутатпы же Жогорку Кеңештин депутатыбы кызыктырбайт экен", — дейт депутат. 

Ал кайгуул кызматкерлери айдоочулардан ачык эле акча талап кылып жатканын белгилеп, кечки Бишкекти жөнөкөй жарандын кийимин кийип алып кыдырып чыгууну министрге сунуштады. 

Эске сала кетсек, Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул посттук кызматы бириктирилип Патрулдук милиция түзүлгөн. Ал 1-апрелден тарта Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштей баштады. Ал эми 1-июндан баштап Кыргызстандын башка аймактарында дагы кызматка киришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0