Майып болгон жаран үй-бүлөсүн мурдагыдай эле багып келет

Жазылуу
Алты жыл мурда майып болгон 55 жаштагы Марат Үмөтов мамлекетке жана туугандарына өзүнүн оорчулугун салгысы келбейт.

Марат Үмөтов Бишкек троллейбус башкармалыгынын директорунун орун басары болуп иштеп, үй-бүлөсүн мурдагыдай багып келет.

Анын грыжасына жасалган операция оорлошуп кетип, 2010-жылдан тарта баспай калган.

Жубайы Калия Ихсанова "мунун баары нервден" болгонун айтат.

"Ал ошол убактагы шаар бийлигине болушунча каршы турду. Анын кесепети ден соолугуна тийди", — дейт ал.

2008-жылы Үмөтовду троллейбус башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кетиришкен. Бирок, ал Жогорку сот баштаган бардык инстанцияларга кайрылып жатып кызматына келген.

Кийин аны экинчи жолу кызматтан алышкан. Үмөтов бир жылдан кийин кайта көздөгөнүнө жеткен.

"Мен үй-бүлөмдү багып, салык төлөшүм керек", —дейт ал.

Бала кезинен майып болгон КР жаранын Футбол боюнча Азия чемпионатына чакырышты
Үмөтов өз колу менен үч дөңгөлөктүү велосипед жасап алган. Анын педалдарыкол менен айланат. Ал ушинтип троллейбус башкармалыгынын аймагын кыдырып чыгат.

Учурда анын сегиз небереси бар. Өзүн абдан бактылуумун деп эсептейт.

"Болгону ушул ден соолугумду кайта кайтарып алсам", — дейт оор үшкүрүнө.

Ал кайтадан басып калам деген үмүтү менен жашап келет. Күн сайын атайын тренажердо бутун машыктырат. Анын айрымдарын өз колу менен жасап алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0