Калпак жана картина. "Элдик инспекторлорго" депутаттар ыраазычылык билдирди

Жазылуу
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөлөрү Ахунбаев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде жолду көзөмөлгө алган жигиттерге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлаган.

Жол тыгынды жөнгө салган жигит жана жардамга келбеген патрулдук милиция кызматкерлери
Эл өкүлдөрү 12-апрель күнү Эрланбек Боогачиев менен Талантбек Турдубаевге ыраазычылык иретинде калпак жана картина белек кылды. Депутаттар ыктыяр жаштардын кадамын баалап, чың ден-соолук каалашты.

1-апрель күнү Кайгуул милициясы расмий ишке киргенден баштап YouТube каналында видео пайда болуп, анда иштебеген жол чырактарга жана жол кыймылын башкарып жаткан жигитке эч кандай реакция кылбаган Кайгуул милициясы тууралуу айтылган. Кол чатыр кармаган жаран Ахунбаев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде унааларды башкарып турат. Дал ушул маалда кайгуул машинасы өтөт.

Жол кыймылын жөнгө салбай кеткен Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын үч кызматкери жумуштан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0