Кооптондурган кырсык. Жер көчкү алдында калган мал. Чебелектеген малчы

Жазылуу
Кечээ күндүн экинчи жарымында Сузак районуна караштуу Алчалуу айылында болгон жер көчкү жайытта жайылып жүргөн беш бодо малды жана теректерди басып калган.

Малды элден топтоп жайлоого алып чыгам деп чогултуп жүргөн Канат Сатибаев эми уйлардын өлүгүн көчкүнүн астынан алып чыгара албай убара. Ага учурда айылдаштары жардам көрсөтүп жатат.

"Көчкү алдында калган бодо элдин аманат малы эле. Эми ээлерине өлгөнүн тастыкташ үчүн алардын өлүктөрүн көрсөтүшүм керек. Там бою топурак болуп турат. Аны кантип казып чыгам, билбей турам", — деди Сатибаев.

Кырсык кесепетинен Алчалуу айылына тартылган үч электр мамылары жабыркап, 31 кожолук убактылуу электр кубатсыз калган.

Жергиликтүү жашоочу Аскарали Парпиев бул кооптуу жайдан көчүп, башка жактарга жашоого жер берилгени менен мал жайып, дан эккенге үлүш жер жоктугун айтты.

"Кыштын күнү ал жакка барсак батпайбыз. Жер көчкү айрыкча күн ысыгында активдүү болот дешкен. Кечээ да күн катуу тийген эле",— деди ал.

Ал кооптуулукка карабай элдин кайрадан эски аймактарга келишин жогорку себепке негиздеди.

Жаңылыктар түрмөгү
0