Өкмөт мүчөлөрү отставкага кеткен Темир Сариевди ордунан туруп кол чабуу менен узатышты

Жазылуу
Дүйшөмбү күнү премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн чукул жыйынында отставкага кетерин билдирди.

Өкмөт башчы Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча тендердин өтүшүнө эч качан кийлигишпегенин айтты. 

"Бирок айрым саясий күчтөр маселенин объективдүүлүгүнө кызыкдар эмес. Депутаттык комиссиянын бир тараптуу иши муну толугу менен далилдеп турат", — деди Сариев.

Премьердин айтымында, анын "мындай саясий оюнга" аралашууга убактысы да, ниети да жок.

"Ушак-айың өкмөттү ыңгайсыз абалга туш кылып, ишин токтотуп койду. Мындай болбош керек. Мамлекет өзгөрүүлөргө муктаж, иш абдан көп. Өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгын өзүмдүн жеке саясий көз карашымдан жогору коюп, отставкага кетип жатам", — деди Сариев.

Өкмөт мүчөлөрү Темир Сариевди ордуларынан туруп кол чаап узатышты.

Сариевдин премьерлиги эмнеси менен эсте калды: демилгелер, ийгиликтер жана "бармак тиштеген" учурларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0