Таймлапс-видео: Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин ажайып кооздугу

Жазылуу
Фотограф 11 миң кадр тартуу үчүн 10 сааттан ашык убактысын короткон. Sputnik Кыргызстан агенттиги таймлапс ыкмасы менен тартылган ажайып кооздукту тартуулайт.

Аллея Раппопорт вдоль трассы в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Болливуд көл өрөөнүнүн кооз пейзажында тасма тартууга ниеттенип жатат
Буга чейин таймлапс ыкмасын бир гана илимий максатта гана колдонуп келишкен. Аны жер кыртышынын өзгөрүшүн, дарыялардын соолушун же өсүмдүктүн өнүп чыгышын көрсөтүүдө колдонушкан. Эми бул ыкма көркөм тасмаларда да колдонулуп, көрүүчүлөргө гүлдүн гүлдөшүн, булуттардын жылышын да көрсөтүп берүүдө пайдаланылып келет.

Биз сунуштап жаткан таймлапста Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги булуттардын жылышын, көлдүн мемиреп жатканын жана айлананы алтын түскө боёгон күндүн батышын көрө аласыз.

Фотограф Максим Ермаков мындай ыкма менен тасма тартууда пейзаж кантип өзгөрө турганын алдын ала сезе билүү маанилүү экенин айтат.

"Күн батып баратканда ал кайсы жерден жашынып кетерин билиш керек. Себеби, тасма ошондо кызыктуу жана таасирдүү болот", — дейт фотограф.

Ал тартылган видеолорду монтаждоо көп убакытты жана көздүн майын аларын айтат.

"Монтаждап жатканда тартуу учурунда кетирилген каталардын баары оркоюп көрүнөт. Эки мүнөттүк видеону даярдоо үчүн төрт күн убактым кетти. Бирок, жыйынтыгына өзүң куштарланып, ыраазы болосуң", — дейт Ермаков.

Таймлапс (Time Lapse) — видеону жайлатып тартуу. Бул ыкма көбүнчө жаратылыш кубулуштарын тартууда колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0