Пластилинден жаныбарларды катыра жасаган алты жашар Ахмед

Жазылуу
Атасынын айтымында, Ахмед төрткө чыкканда пластилинден жыландарды жасай баштаган. Учурда динозавр, акула, кит жаныбарларын окшош кылып жасай алат.

Оштун тургуну Ахмед Турдалиев быйыл биринчи класска барат. Өзүнүн кичине экенине карабастан эки жылдан бери пластилинден жаныбарларды жасап, элди таң калтырып келет. Атасы Исажан Турдалиев уулунун өзгөчөлүгүн байкап, таланттуу балдарды тарбиялаган бала бакчага берген. Ал жактагы мугалими Ахмед пластилин менен иштөөдөн тышкары комузда кол ойнотуп, чимирилте топ тепкен мыкты футболчу экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0