Быйыл Бишкекте өтчү джаз фестивалын көчөдөн да көрсө болот

Жазылуу
Бишкекте 6-11-апрелде адатка айланган XI эл аралык джаз фестивалы "Джаз Бишкек Жаз – 2016" аталышта өткөрүлөт.

XI джаз фестивалына сегиз мамлекеттен келген 11 топ катышат. Алар: АКШ, Германия, Италия, Австрия, Швейцария, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан. 

Бишкекте курут фестивалы өтөт
Джаз фестивалынын уюштуруучусу "Борбор Азия – Арт Менеджмент" коомдук фонду болуп эсептелет. Ал Кристенсен (АКШ) фонду менен АКШнын элчилиги, Швейцария, Австрия, Германия, Италия, Гете институту жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен өткөрүлгөнү жатат. 

Фестивалдын алкагында өтө турган биринчи концерт 8-апрелде ачык асман алдында Курманжан датка эстелигинин жанында болот. Келерки эки күнгө улана турган концерт (9-10-апрель) Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өткөрүлөт.

Мындан сырткары, фестиваль учурунда чет элдик музыканттардан масстер-класс, лекциялар өткөрүлмөкчү. 

Эл аралык Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу фестивалдын маалыматтык өнөктөшү болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0