Германияны багындырган кыргыз тандырлары жана чет өлкөдө иштөөдөн баш тарткан наабайчы

Жазылуу
Шухрат уста тандыр жасоо өнөрүн атасынан үйрөнгөн. Анын арты менен үй-бүлөсүн багып келет.

Оштогу самсы жасоонун сырлары
Таңдайды тамшандырган Ош самсасынын сыры сапаты мыкты тандырда экенин көпчүлүк биле бербейт. Эс тарткандан бери бул өнөрдү аркалаган Шухрат Нийзамовдун колунан жасалган тандырлар Германияга чейин жеткен. Аларды жасоо оңойго турбайт. Ак топуракка койдун жүнүн кошуп, ылайды 3-4 күн бышыруу зарыл. Андан соң гана өтө кылдаттык менен тандыр жасалат. Күн суук күндөрү тандырларды таарындынын түтүнү менен кургатуу керек. Шухрат устанын айтымында, Латвиядан келген айым самсынын татып көргөндөн кийин Шухратты Латвияга иштөөгө чакырган. Айына 1000 долллар сунуштаганына карабастан Шухрат бул сунуштан баш тарткан. Уста бир миллион сунуштаса да Ошту таштабай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0