Sputnik Кыргызстан агенттиги Кара жыгач сейил багына көчөт отургузду

Жазылуу
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу "‎жашылKGchallenge" эстафетасын баштап, Кыргызстандын борборуна көчөт тикти.

Өлкөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эстафета Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган Тарых жана маданият жылынын алкагындагы "Бир жаран — бир көчөт" долбоорунун негизинде жүрүп жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин эмгек жамааты бүгүн эртең менен Кара жыгач сейил багына 35 көчөт отургузду.

"Биз баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз Бишкекти жашылдандырууга катышып, борбор калаабызга "жашыл шаар" деген мурунку даңкын кайтарууну чечтик. Бактарыбыздын баары өнүп, өсөрүнө ишеним артабыз", — деди агенттиктин жетекчиси Елена Череменина.

Эстафетанын талабына ылайык, соцтармактын колдонуучулары бак отургузуп, сүрөткө түшүп, аны #‎жашылKGchallenge хэштеги менен өз баракчасына жайгаштыруусу керек. Андан соң кезекти досторуна өткөрүп бериши зарыл.

Жалпы республика боюнча "Бир жаран — бир көчөт" долбоорунун алкагында өлкө боюнча 1 миллион 18 миң 105 көчөт отургузулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0