Видеокамера жана жаңы машина. КРдин үч аймагында патрулдук милиция иштей баштады

Жазылуу
Кыргызстандын Ички иштер министри Мелис Турганбаев Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул посттук кызматы бириктирилип патрулдук милиция түзүлүп, ал ишке киргенин билдирди.

Турганбаев мындай аракеттер ИИМде реформаларды жүргүзүү иштеринин алкагында жасалып жатканын айтты. Жаңы түзүм эл менен 24 саат бою иштерин министр кошумчалады.

1-апрелден тарта патрулдук милиция Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштеп баштады. Ал эми 1-июндан баштап Кыргызстандын башка аймактарында дагы иштеп баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0