Бишкектин чок ортосундагы милициянын гарнизондук жыйыны — асмандан көрүү

Жазылуу
Расмий иш-чара 1-апрелде өтөт. Ушундан баштап Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында Ички иштер министрлигинин патрулдук милициянын башкы башкармалыгы иштей баштайт.

300 метр бийиктиктен 8 миң унаанын көрүнүшү: автобазардын үстүнөн тартылган кадрлар
Бишкектин эски аянтында шаршемби күнү кечинде Патрулдук милициянын түзүлүшүнө карата милициянын гарнизондук жыйынына даярдык болуп өттү.

Расмий иш-чара 1-апрелге белгиленген. Ушундан баштап Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында Ички иштер министрлигинин патрулдук милициянын башкы башкармалыгы иштей баштайт.

ШИИБдин маалыматына ылайык, жыйынга премьер-министр Темир Сариев, ИИМ башчысы Мелис Турганбаев келди.

"Бишкек Чүй облусунун 300 милиция кызматкери катышат. Мындан тышкары, Россиядан алынган Lada Priora унаалары көрсөтүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 3-март күнү премьер-министр Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул посттук кызматты бириктирүү боюнча токтомго кол койгон. 

Республиканын калган аймактарында жаңы кызмат 1-июлдан тарта ишке кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0