Бишкектиктер пенсионерлердин гүлдөрдүн кыя өтпөй сатып ала башташты

Жазылуу
Орто деңгээлде жашаган улгайган пенсионердин акчасы жашоого жетпейт. Улуу муундардын бир тобу нанга акча табуунун жолдорун издегенге аргасыз.

Улгайгандарды колдоо максатында социалдык тармакта "Чоң энелерден гүл сатып алгыла!" аттуу акция башталды. Максат — Бишкектин көчөсүндө күнүмдүк турмушка деп гүл сатып отургандардын гүлдөрүн сатып алуу. 

Идея Нурия Чойбаевага таандык. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына бул саамалыкты эл жапа тырмак колдоп кеткендигине кубанып тургандыгын айтты.

"Бала болгонбуз. Ал эми улгайган кезди башыбыздан кечире элекпиз. Кийин картайганда бизди кандай жашоо күтүп турат, эмне болобуз деп ойлоно берем. Кээде күнүмдүк оокатка да эч нерсең жок болуп калат эмеспи. Андыктан, мен улгайгандарга жардам көрсөтүү зарылдыгын башкалардын эсине салып кетейин дедим. Адатта балдарга, жаныбарларга камкордук көрүлүп, кары-картаңдар көңүл сыртында калып калышат", — дейт Чойбаева.

Бул анын биринчи акциясы эмес. Былтыр ал улгайгандарга көчөт сатып берүү боюнча марафон демилгелеп, ал дагы соцтармактардын колдонуучулары тарабынан колдоо тапкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0