Тажиктерди уткан кыргызстандык футболчулардын кубанычы койнуна батпай турду

Жазылуу
29-мартта Кыргызстандын курама командасы тажикстандык атаандаштарын 0:1 эсебинде утуп алды.

Эки команда Душанбе шаарындагы "Центральный" стадионунда күч сынашты. Алар 2018-жылкы Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында беттешти. Оюндагы алгачкы жана акыркы голду Виталий Люкс биринчи таймдын 18-мүнөтүндө киргизди.

Тажикстан – Кыргызстан беттеши: оюн учурунда тартылган сүрөттөр
Анын жүрүшүндө тажикстандыктар топко көп ээлик кылышканы менен андан майнап чыккан жок.

Беттеш аяктагандан кийин Кыргызстандын оюнчулары трибунадагы күйөрмандарга ыраазычылык билдиришти. Кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн футболчулар кийим алмаштыруу жайынан "Кыргызстан!", "Алга, кыргыз!" деп кыйкырып жатышты. Алардын мындай маанайы автобуста да уланды.

Кыргызстандын курама командасы "В" тайпасында ишенимдүү түрдө үчүнчү орунду ээледи. Азыркы оюн бул жыйынтыкка эч кандай таасир бербейт. КР курамасы дүйнөлүк чемпионаттын кийинки раунддарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган. Бирок, 2019-жылы Азия чемпионатынын квалификациялык раунддарына чыгууга шансы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0