Москвалыктар кыргыздын кара жорго бийин катыра бийлешти

Жазылуу
Россиянын Жогорку экономика мектебинде окуган Эркинбек уулу Сыргак кара жорго бийлеп, аны курсташтары колдоого алды.

Бий таймаш — "Майкл Жексон" vs "Кара жорго"
Москвада өткөн конференцияда кыргызстандык студент кыргыздын улуттук кара жорго бийин бийледи.

Бул конференцияга түрдүү курстарда окуган студенттер менен студенттик кеңештердин өкүлдөрү катышкан.

Жогорку экономика мектеби улуттук изилдөө университети Россиянын алдыңкы университеттеринин катарына кирет. Ал 1992-жылы негизделген. Анын башкы корпусу Москва шаарында жайгашып, Санкт-Петербург, Нижний Новгород жана Пермь шаарларында кампустары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0