Өкмөт Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берген эмес

Жазылуу
Үңкүр-Тоо эч кимге берилген жок, берилбейт дагы. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.

Ал өз сөзүндө Үңкүр-Тоо турган аймакты берүү эмес, ал жерге станцияларды куруу үчүн кошумча жер бөлүү боюнча протокол түзүлгөнүн айтты.

"Үңкүр-Тоо берилбейт. Ал Өзбекстанга өтүп кетиптир, өкмөт берип салыптыр деген сөздөр чындыкка коошпойт", — дейт Искандаров.

Белгилей кетсек, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Аксы районундагы Үңкүр-Тоо Өзбекстанга берилип кеткен деп маалыматтарды тараткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0