Активисттер айдоочуларга айып пулду POS-терминалдар аркылуу төлөөнү үйрөтөт

Жазылуу
Атайын иликтөө учурунда айдоочулардын жарымы айып пулдарды төлөө боюнча жаңы технологияларды колдонууну билбейт.

Кыргызстандагы айдоочуларга мыйзам бузган учурда айыптарды жаңы технологияны колдонуп төлөөнү үйрөтүшөт. Бул тууралуу "Бир Дүйнө — Кыргызстан" коомдук бирикмесинин өкүлү Болот Исмаилов маалымат жыйында билдирди.

Ал өз сөзүндө беш айлык долбоорго Кыргызстандагы алты шаар — Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Бишкек, Токмок жана Каракол — сынамак үчүн тандалып алынган.

"Биз бул шаардын айдоочуларына мамлекеттик автоинспекциянын кызматкрелерине пара бербей, эгер мыйзам бузуу болсо ал айыпты POS-терминал аркылуу төлөөнү үйрөттүк. Алардын жарымы POS-терминал менен колдонууну билишпейт экен", — деди ал.

КР ИИМдин Жол кайгуул кызматынын административдик тажрыйба боюнча ага инспектору, милициянын подполковниги Талантбек Сыдыковдун айтымында, милицияда 600дөй терминал бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0