Ош менен Жалал-Абадда Ноорузду кара жорго жана короздордун урушу менен тосушту

Жазылуу
Түштүк аймактын бир катар шаарларында Ноорузду чоң салтанат менен белгилешип, жалпы элдик майрамд уюштурулду.

Ош шаарында Нооруз майрамы калаанын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленип, ага 10 миңден ашуун шаар тургундары, меймандар катышты. 

Нооруз майрамын майрамдоо. - Sputnik Кыргызстан
Нооруз жөнүндө кызыктуу беш факты
Салтанаттуу иш-чарада шаардын борбордук аянтында боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн буюмдарды, улуттук тамак-аштын түрлөрү, улуттардын жана элдердин каада-салттары, ыр-бийлери тартууланды. Концерттик программаны ак калпакчан жүздөгөн жаш балдар улуттук кара жорго бийин аткаруу менен ачты. Андан сырткары короздор уруштурулуп, бул көптөрдүн көңүлүн өзүнө бурду. 

Салтанатка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусу боюча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Россиянын, Кытайдын, Казакстандын Ош шаарындагы консулдары катышып, шаардыктарды куттуктады. 

"Ушул жылы касиеттүү Кыргызстаныбызда анын ичинде ордолуу Ош шаарыбызда бейпилдик, тынчтык нурун чачып, элибиз токчулук, молчулукта бакубат жашоо кечирсин! Жалпы кыргыз эллин кут уялап, Мекенибиздин келечеги кең болсун!", — деди калаа башчысы Кадырбаев. 

Жалал-Абад облусу Ноорузду шаардын Эркиндик аянтында эки боз үй тигип тосту. Майрамдын алкагында кыргыздын улуттук тамак-ашы, оймо-чиймелер түшүрүлгөн кийимдер жармаңкеси болду. Арча түтөтүлүп, айлана аласталып, кыргыз элине токчулук, молчулук болсун деген каалоо-тилектер жаңырды. Коноктор менен жергиликтүү тургундар башка жылдарга салыштырмалуу арбын болду.

"Күн менен түн теңелген күндү биздин өлкөдөн сырткары коңшу мамлекеттер да белгилейт. Бул майрам урушкандар жарашып, бири-бирине сый-урмат сунган майрам деп айтылат", — деди Жалал-Абад облусу боюнча өкмөттүн өкүлү Жумагүл Эгембердиева.

Ноорузду Аксы районун борбору Кербен шаарында да чоң салтанат менен тосуп алышты. Сүмөлөк бышырылып, арча түтөтүлүп, улустун улуу күнүнө карата каалоо-тилектер айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0