Өкмөт өкүлү: Өзбекстан тарапты чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечкенге чакырабыз

Жазылуу
Өкмөттүн чек араларды делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искендеров Өзбекстан бийлигин чек ара маселелерин тирешүү эмес, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

Өкмөттүн Чек араларды делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искендеров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт кыргыз-өзбек чек арасындагы абалдын чыңалышынын себебин атады
18-мартта өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту, 40ка чукул аскерин койгон. Бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитети Нооруз майрамына көрүлгөн даярдыктан улам, чек араларын бир тараптуу бекемдегенин билдирген

"Эгерде ушундай жол менен кете берсек, биздин сүйлөшүүлөр бара-бара туңгуюкка такалат. Биз бул маселени чечүүдө сүйлөшүүлөрдү жандантып, эки элдин кызыкчылыгын көздөп жатабыз",— деди ал.

КРдин Мамлекеттик чек ара кызматы учурда эки тараптан тиешелүү өкүлдөр маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0