БТР жана аскерлер. 19-марттагы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин Whatsapp-каналы аркылуу жарандар Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасына коюлган блок-посттон өтүп бараткан учурун видеого тартып, аны жөнөтүшкөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын элчиси Камил Рошидов жана тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков. - Sputnik Кыргызстан
КР Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандан чек араны тез арада ачууну талап кылды
Белгилей кетсек, 18-мартта өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунундагы Кыргызстан менен такталбаган чек арасына зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунаа коюшкан. Ушул эле күнү Өзбекстан тарап бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү жайын жапкан. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитети Нооруз майрамына көрүлгөн даярдыктан улам, чек араларын бир тараптуу бекемдегенин билдирген. КРдин Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга чек арадагы блок-постторду алуу боюнча нота жөнөткөн

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөмбиев жергиликтүү тургундарга чагымчыл аракеттерге алданбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

"Жергиликтүү тургундар арасында чагымчылдардын тузагына илинбөө үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Жашоочулар аталган аймактан өтүп жатат, топтошуп чогулган кишилер жок. Болгону эки мамлекеттин чек арачылары гана турат", — дейт Дүйшөмбиев.

Ал ошондой эле, аймакта абал туруктуу экенин айтып, эки тараптын 20дан аскери турганын кошумчалаган.

Эгер сиз кандайдыр бир окуянын күбөсү болсоңуз, аны сүрөткө же камерага тартып алсаңыз, медиафайлдарды биздин Whats App каналыбызга +996 706 566 544 номери боюнча жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0