Учактын калдыктары – Boeing учагы кулаган жерден тартылган видео

Жазылуу
Дубайдан учуп келген учак аэропортко конууда кулап түшкөн. Кырсык катаал аба ырайынан болгону маалымдалууда.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча авиакырсыктан жалпысынан 62 киши каза болгон. Анын 55и жүргүнчү, жетөө экипаж мүчөлөрү болгон. Экипаждын катарында 1988-жылы туулган Кыргызстандын жараны Жылдыз Насирдинова дагы болгонун КРдин ТИМи билдирди. Насирдинова Fly Dubai авиакомпаниясында стюардесса болуп иштеген.

Каза болгон кыргызстандык жарандын жакындарына керектүү жардамды берүүнү КР ТИМи Россиядагы элчиликке тапшырды.

Учак кулап түшкөн жерден тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сүрөт баянынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0