Президент Атамбаев Боспиек айылына барып Аксы окуясында курман болгондорго куран түшүрдү

Жазылуу
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 17-мартта Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Боспиек айылында Аксы окуясында курман болгондор эскерилип, куран окулду.

Президент Аксы окуясында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду. Өлкө башчы өз сөзүндө Аксы окуясы элибиздин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол баштаганын баса белгиледи. 

"Аксы окуясы элдин аң-сезимин өзгөртүп, улуттук намысыбызды ойготкон. Коомубуз тазаланып, үй-бүлөлүк башкаруудан арылып, накта элдик бийликтин орношуна карай жол дал ушул жерден башталган", — деди өлкө башчысы.

Атамбаев Аксы окуясы Кыргызстан тарыхына, көптөгөн адамдардын, анын ичинде өзүнүн да тагдырыңа терең из салганын айтат.

2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин адилеттикке, эркиндикке карай басып өткөн татаал, кандуу жолдун эң маанилүү, эң сыймыктуу күндөрү экенин өлкө башчы кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0