Фортепиано, скрипка. Түрк музыканты симфониялык оркестрдин коштоосунда өнөрүн тартуулады

Жазылуу
Австрияда өткөн 17чи эл аралык Иоганнес Брамс конкурсунун лауреаты болгон Өзгүр Үналдынын концерти Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин коштоосунда өттү.

Өзгүр Үналды Түркиянын алдыңкы фортепианисти болуп саналат. Ал 2006-жылы Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияга тапшырган. 

Үналды өзүнүн жеке концерттерин Москвада берип, өз күйөрмандарын тапкан.

Саксофонист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек жаз мезгилин Жаз фестивалы менен тосуп алат
Ал эл аралык бир нече фестивалдарга катышкан. Алардын арасында Kamarihelmi (Финляндия), International Sarajevo Winter Festival (Босния) жана башкалар бар. Ошондой эле жеке концертин Киев, Бухарест, Орландо, Рим, Хельсинки, Москва сыяктуу ири шаарларда берген.

Өзгүр Үналдын Бишкекте өткөн концерти жергиликтүү фонд тарабынан уюштурулган. Анын максаты Кыргызстанда маданиятты жана классикалык музыканы өнүктүрүү болуп саналат. Андан сырткары жаш музыканттарда колдоп, алардын концерттерин уюштурууга жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0