Алмазбек Атамбаев мураскери кантип тандаларын айтты

Жазылуу
Өлкө башчысы 12-мартта ишембиликке чыгып, Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакка көчөт отургузду. Андан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, акыркы кадрдык өзгөрүүлөр жана өзүнө мураскер тандоо боюнча өз оюн билдирди.

Алмазбек Атамбаев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчылыгына жаңы дайындалган Улан Исраилов тууралуу пикирин билдирип, ал таза иштеп берерине ишенерин айтты.

"Мен Улан Исраиловду жакшы билем. Эч нерсени уурдабаган бала. Ошондуктан мындай кызматтарга таза адамдарды койбосок болбойт. Биз азыр күч органдарынын реформасын даярдап жатабыз. Мен бул балага ишенем, таза иштеп берет", — деди ал.

Атамбаев Исраиловдун 300-400 кишиден турган райондук ички иштер бөлүмдөрүн башкарып келгенин, андыктан 60-70 киши иштеген Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын оңой эле башкарат деп ишене турганын айтты.

Өлкө башчысы ошондой эле, мураскер тандоо боюнча өз пикирин билдирди.

"Эгерде мен президент катары бир мураскер даярдап "ушуну шайлайсыңар" деп биздин тегеректегилерге окшоп кетсем, анда Кыргызстанда демократия орнобойт. Эл кимге ишенсе, ошону шайлаш керек, эгерде туура эмес адамды шайлап алса, эл өзү кыйналып, өзү жообун берет", — деди ал.

Ал президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин ак иштеп берүү ниети бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0