Раппопорт аллеясы: шуулдаган теректи коштогон чуулдаган пикирлер

Жазылуу
Раппопорт аллеясы — Чолпон-Ата шаарынан Бактуу-Долоноту айылына чейинки трассаны бойлой тигилген бактар. Акыркы учурларда коомчулукта, айрым маалымат каражаттарында аллеядагы бактар толугу менен кыйылары айтылган.

Ысык-Көл районунун администрациясынын жетекчиси Райымбек Имангазиев учурда аллеядагы дарактар КРдин Илимдер академиясынын кызматкерлери тарабынан каралып, текшерилип жаткандыгын айтты.

"Аллеядагы дарактардын 20 пайызы эле калып, калгандары куурап баштады. Бүгүнкү күндө бул боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Алардын иликтөөсүнүн ишинин жыйынтыгы менен иш кылабыз. Учурда райондук бийлик тарабынан бак-теректерди кыюу боюнча өз алдынча эч кандай чечим кабыл алынган жок", — деди Имангазиев.

Раппопорт аллеясынын архивдик жана азыркы сүрөттөрү
Ысык-Көл районунун тургуну Чынар Рахматова жол боюндагы тигилген бак-теректер куурап, эскирип бүткөндүктөн, ар кандай кырсыктардын себепкери болушу мүмкүн деген пикирин билдирди.

Ал эми Бостери айылынын дагы бир тургуну Бүбүкан Исмаилова теректер менен дээрлик жашташ экендигин, трассаны кеңейтүү үчүн башка варианттарды кароо ашыктык кылбаарын айтты. Ал бактарды кыюуга каршы экендигин айтты.

Аллеянын узундугу беш чакырымды түзөт. Жолду бойлото терек жана кара жыгач бактар 1934-жылы жергиликтүү жылкы заводунун алгачкы директору Леонид Раппопорттун демилгеси менен тигилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0