Жол кайгуул кызматы айымдарды гүл берип "жоопко тартты"

Жазылуу
Аялдардын эл аралык күнүн утурлай шаардык жол кайгуул кызматы айдоочу айымдарды куттукташты.

Бул иш-чара борбордук Ала-Тоо аянтында өттү.

Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Атыр Бекмурзаева айдоочу айымдар айып төлөө үчүн эмес, майрамдык маанай жана гүл алуу үчүн токтотулганын айтат.

Андан тышкары, фоксчулар өз өнөрүн көрсөтүштү. Айдоочу айымдарды ишкерлер да куттукташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0