Ошто Кыргызстандын 15 метрлик желеги калың элге көрсөтүлдү

Жазылуу
Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүнүн урматына атайын иш-чара өттү.

Майрамдык иш-чарага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңештин төрагасы жана депутаттары катышты. Ошондой эле, аскерлер менен шаар тургундары да майрамга келишти.

Шаар башчысы желекке жана башка мамлекеттик атрибуттарга өзгөчө мамиле кылуу керектигин айтты.

"Дүйнөлүк ар кандай иш чараларды биздин желек желбирегенде биз сүйүнүп, көңүлүбүз көтөрүлүп калат. Андыктан биз Кыргызстандын желеги алдында биригишибиз керек", — дейт Кадырбаев.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө борбордук аянтка аскерлер 15 метрлик желекти көтөрүп чыгышты.

Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүн белгилөө боюнча президенттин буйругу 2009-жылы 10-июнда чыккан.

Жалал-Абадда мамлекеттик туу күнү майрамдык салтанат менен белгиленди
Өлкөбүздүн мамлекеттик туусу чымкый кызыл кездемеден жасалып, анын ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түспөл күндөн, анын чок ортосуна кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн элеси түшүрүлгөн.

Туудагы кырк нурун тегиз чачыраткан Күн — жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат.

Кырк — кыргыздар үчүн ыйык сан: кырк чоро, кырк нөкөр, кырк күн жана башка. Ал эми түндүк — адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөндүү тарыхтын, бекем биримдиктин символу. 

Түндүк көтөрүү — өз алдынча жаңы турмушка аттануунун жышааны. Ал эми түндүктүн сүрөттөлүшү элде айтылган "төгөрөктүн төрт бурчун төрт айланып бүтпөйсүң" деген чалкар философиялык түшүнүктү сыпаттап турат.

Кыргызстандын флагштогунун бийиктигин дүйнөлүк рейтингтен Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0