"Кыргызнефтегаздын" жумушчулары депутат Момбековду сотко бермей болушту

Жазылуу
"Кыргызнефтегаздын" кызматкерлери жумуш орундарынын кыскарышына жана айлык акынын кармалып жатышынан улам митингге чыгышты.

Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаздын" жүздөгөн жумушчулары нааразычылык акциясына чыгып, ишканада орун алган көйгөйдү чечип берүү үчүн өлкө жетекчилеринин келишин талап кылышты

Алардын айтымында, айрым аткаминерлердин аракеттеринен улам ишкана жапа чегүүдө.

Радияциянын белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтадагы уран байытуу комбинаты эки айдан бери токтоп турат
Нааразычылык акциясынын катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун парламенттин 25-февралдагы жыйынында "Кыргызнефтегаз" тууралуу далили жок сүйлөп, ишканага келтирилген моралдык зыяны үчүн сотко берүү чечимин кабыл алышты.

Алардын берген маалыматына ылайык, депутат Рыскелди Момбеков "Кыргызнефтегаз" мамлекетке бир миллиард сомдон ашык чыгым алып келген, ал жакта коррупция гүлдөгөн деп ЖК жыйынында айткан. Андан сырткары ишкананын 11 лицензиянын тогузунун долбоору жок, ал жакты 13 кытайлык компания иштетет деген далилсиз сөздөрдү сүйлөгөн.

Андан сырткары Геология агенттигинин "Кыргызнефтегаз" ишканасы жөнүндө далили жок маалыматтары үчүн Башкы прокуратурага кайрыла турган болушту. 

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ишканасында 2500 адам иштейт. Бул мекемеде быйыл 80 миң тонна мунай өндүрүлуп, акыркы беш жылда ишкананын кирешеси 6 эсеге көбөйгөн.

"Кыргызнефтегаз" Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын көгүлтүр от менен камсыздайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0