Ээр менен зер буюм жасоонун сырлары — 82 жаштагы карыянын колунан көөр төгүлгөн өнөрү

Жазылуу
Азимбай атанын колунан чыккан сөйкө-шакектер нечендеген кыз-келиндин көркүнө көрк кошсо, жасаган ээрлерин чет мамлекеттерден келип алып кетишет. Эч кандай билим албаганына карабастан, тубаса өнөрү менен атагы алыска кеткен дөөлөттүү аксакалдардан.

Кыргызстандык ойлоп-табуучу шамал-генераторун "ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнө коюуга ниеттенүүдө
Устачылык менен зергерчиликке 13 жашынан тарта киришкен Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Азимбай ата 82 жашка чыкканына карабай, карылыкка моюн сунбастан бүгүнкү күнгө чейин өнөрүн аркалап келет.

Карыя Улуу Ата мекендик согуштан атасы кайтпай калгандан кийин жакырчылык жашоону ушул устачылык менен жеңгенин айтып берди. Бара-бара жыгач буюмдардан сырткары зергерчилик менен алектенип, жасаган сөйкө-шакектерине өзү ат ыйгарып, элге таанымал болгон.

Ал эми Азимбай атанын колунан чыккан ээрлерди кыргызстандыктардан тышкары, атайы аңыз кылып Швейцария, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн келип алып кетишет. 

"Жасагандарымдын баары — элдики. Мен өзүм да элдикимин. Кыргыздын кыбыр эткен буюм-тайымынын баарын жасай алам", — дейт карыя.

Көп шакирт күтүүнү өөн көргөн дасыккан усталардан айырмаланып, Азимбай ата уулдарынын баарына устачылыктын сырларын үйрөтүп келет. Байбичеси Асылкан Акимкулова менен жаштайынан кол кармашып, учурда 12 баладан 56 небере, 23 чөбөрөнүн жытын жыттап отурган чагы.

Карыянын эмгектери республикалык деңгээлде өз ордун тапкан. Эр аралык көргөзмөлөргө чейин коюлуп, жогорку баага татып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0