Сариев: ЕАЭБге кирбесек, экономикабыздын мындан аркы өнүгүшү кыйын болот эле

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев Бизнес жана инвестиция боюнча кеңештин жыйынында Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү артыкчылыктары, өкмөт кризиске каршы кошумча чараларды көрүшү керектигин айтты.

Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстан аталган интеграциялык уюмга мүчө болбосо, бир топ кыйналмак.

"Эгерде Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча чечим кабыл алынбаса, өлкөнүн экономикалык жагдайы кандай өнүгөөрүн болжолдоо кыйын болот эле. Аны менен бирге эле кризистик кырдаалдан өтүү бир топ кыйын болот эле. Бажы союзундагы тышкы чек аралары чычкан мурду жөргөлөгүс болуп жабылмак. Биз муну так жана даана түшүнүүбүз керек", — деди Сариев.

Ал Кыргызстан өндүргөн продукцияларын сата турган рыноктордон дээрлик четтеп, бөлүнүп, туңгуюкка кептелик калмак деп кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0