Эрежесиз эр уруштагы эстен тандырган сокку

Жазылуу
Алгачкы сегиз мелдештин жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Дагестандын курама командалары 4:4 эсебинде тең чыгышты. Акыркы беттеш тагдыр чечүүчү кармаш болду.

Бишкек шаарында Кыргызстан менен Дагестандын курама командалары эл аралык Эртаймаш кулатуу WEF-4 эрежесиз эр уруш эл аралык турниринде беттешти. Бул тууралуу дүйнөлүк WEF федерациясынын Кыргызстандагы директору  Сейтек Оморов билдирди.

"Биринчи сегиз оюнда Кыргызстан менен Дагестан бирдей келип, 4:4 упай топтошту. Акыркы чечүүчү  мушташ Актилек Жумабек уулу менен Эльдар Магомедовдун ортосунда өттү. Тилекке каршы биздин мушкер утулуп калды", — деди Оморов.

Ошентип 5:4 эсебинде Дагестандын курама командасы төртүнчү эл аралык турнирде жеңишке жетишти.

Турнирдин алкагында рейтингдик төрт мушташ өтүп, ага Казакстан жана Өзбекстандан келген коноктор күч сынашты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0