КРдин футбол боюнча чемпионатынын биринчи турундагы атаандаштар аныкталды

Жазылуу
Өлкөнүн Жогорку лигасында жети команда катышат. Анын бири экинчи дивизиондон чыккан Өзгөндүн "Алдиер" клубу.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол Лигасы Жогорку лиганын катышуучуларын аныктады.

Жума күнү чучу кулак кармалды. Жогорку лигада бардыгы болуп жети команда ойнойт. Биринчи тайпага "Алга" (Бишкек), "Алай" (Ош), "Дордой" (Бишкек), "Абдыш-Ата" клубу (Кант) кирсе, экинчи тайпага "Ала Тоо" (Нарын), "Алдиер" (Куршаб, Өзгөн району) жана "Кара-Балта" ФК (Кара-Балта) кирди.

Чучу кулактын натыйжасында 11-12-мартта өтө турган биринчи турда "Алга" — "Дордой", "Абдыш-Ата" — "Алай", "Ала-Тоо" — "Кара-Балта" командалары беттешмекчи.

2018-жылдагы футбол чемпионатына даярдыктын чыгымы 6 млрд. рублге кыскарды
Чемпионаттын жаңы катышуучусу катары "Алдиер" тобу кийинки оюндан баштап кирет. 

Командалар жалпы жонунан 18 тур өткөрөт. Кийинки оюндарда беттеше турган атаандаштар Бергердин таблицасы боюнча аныкталат. 

Мындан тышкары, жети команданын баары Кыргызстандын Кубогунун финалдык оюнунан финалдын 1/8 бөлүгүнөн баштап ойнойт. Сегизинчи команда болуп Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Исмаил-Ата" тобу кошулат. Бул команда Кыргызстандын экинчи лигасында экинчи орунду ээлесе, "Алдиер" тобу жеңишке жетишип, Жогорку лигада ойноо укугун алган.

Кубок финалынын 1/32 бөлүгү 15-июнда башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0