09:12 18 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Видео

Өжөр студенттер 13,5 миң мыктан жана 20 чакырым жиптен желек жасашты

Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандын мамлекеттик желегине 24 жыл (9)
204221
© Sputnik / Эмиль Садыров

Бишкек шаарындагы жогоку окуу жайда окуган Айгерим Жумалиева, Айжамал Шамыратова жана Заман Турсунбеков желек күнүнө карата String art ыкмасы менен Кыргызстандын туусун жасашты.

Жаш сүрөтчүлөрдүн айтымында, узундугу 2,44 метр жана туурасы 1,52 метр келген желекти String art ыкмасы менен бир жумадан ашык убакыт жасашты. Айрым күндөрү түнү бою иштөөгө туура келген.

Бул желекти жасоо үчүн 13,5 миң мык жана 20 чакырымдай жип керектелген. 

Заман Турсунбеков желекти жөн жерден тандап алышпаганын айтат. Себеби, жаштар жана орто муун менен улуу муундагылар деле желектин тарыхын билишпейт. Аларга мамлекеттик атрибут болгон желектин тарыхын эстетип, аны дайыма илип жүрүүсү үчүн ушундай ишти башташкан. Андан сырткары административдик имараттарда түрдүү желектер илингендиктен баштапкы эскиз боюнча желек кандай болуусу керектигин башкаларга көрсөтүп, желекти да туура тандоону жеткиргилери келгенин кошумчалады.

"Биз байкап көрсөк көпчүлүк жерде, анын ичинде административдик имараттарда түрдүүчө жасалган желектер илинет экен. Ар ким өзү каалагандай жасайт экен", — дейт ал. 

Өзгөчө ыкма менен жасалган желек Бишкектеги соода борборлорунун бирине көргөзмөгө коюлат. Андан соң 3-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында аукционда сатылат. Аукционго ишкерлер жана башка кишилер чакырылган. Иш чаранын уюштуруучуларынын бири Мээрим Абдрахманова аукциондон түшкөн каражат Токмок шаарындагы балдар үйүн оңдоого жумшаларын айтат.

String art ыкмасы менен жасалган желектин баштапкы баасы миң доллар.

Тема:
Кыргызстандын мамлекеттик желегине 24 жыл (9)

Тема боюнча

Улуттук гвардия: "Ала-Тоо" аянтындагы башкы желектин тосмосунан өтүүгө тыюу салынат
Футболдогу жеңишке кубанган күйөрмандар барабан уруп, кыйкырып, желектерди булгалашты
Белгилер:
желек, студент, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ